НӨӨМӨТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НӨӨМӨТ (аскердик) - 1) аскер кызматчысы та­рабынан аткарылууга тийиш болгон кандайдыр бир тапшырма, жумуш; ички кызмат, күзөт жана гарнизон кызматтарын аткаруучу, ошондой эле ар кандай чарбалык ж. б. иштерди бутүрүүчү аскер бөлүктөрүндөгү, кемедеги жана гарнизондогу бө­лүкчө, аскер кызматчыларынын тобу. Н. бир суткага, чарба ж. б. иштери үчүн командир бел­гилеген мөөнөткө дайындалат; 2) кандайдыр бир жумушту иштөө тууралуу оозеки же жазуу жүзүндө берилген буйрук.