НӨӨМӨТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НӨӨМӨТ (аскердик) - 1) аскер кызматчысы тарабынан аткарылууга тийиш болгон кандайдыр бир тапшырма, жумуш; ички кызмат, күзөт жана гарнизон кызматтарын аткаруучу, ошондой эле ар кандай чарбалык ж. б. иштерди бутүрүүчү аскер бөлүктөрүндөгү, кемедеги жана гарнизондогу бөлүкчө, аскер кызматчыларынын тобу. Н. бир суткага, чарба ж. б. иштери үчүн командир белгилеген мөөнөткө дайындалат; 2) кандайдыр бир жумушту иштөө тууралуу оозеки же жазуу жүзүндө берилген буйрук.