НОКАУТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НОКАУТ (англ. knock-out) — бокста таймашты аяктоонун бир эрежеси. Боксёр муштум жеген­ден кийин 10 секдан ашык эсине келбесе, мел­деш токтотулуп, жеңиш аны жыга урган бок­сёрго берилет. Н. талуу жерге муштоонун неги­зинде болот. Анда боксёрдун дем алуусу, каны­нын айлануусу бузулуп, тегерегин байкабай там­таңдап калат, башы айланат, эсин жоготот. Н. ичке, моюнга, чыкыйга, бөйрөккө, ээкке катуу соккондо да болушу мүмкүн. Н. болгондон 2- 3 миндан кийин боксёр эсине келет. Андан көбү­рөөк эсинен танса, ооруканага тез жеткирүү ке­рек. Н. болгон спортчуга 5 айга чейин мелдеш­ке катышууга, 3 айга чейин спорт менен машыгуу­га болбойт. Таймаш учурунда Н-ка жеткирбес­тен, мелдешти токтотууга калыстын укугу бар.