НОКАУТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НОКАУТ (англ. knock-out) — бокста таймашты аяктоонун бир эрежеси. Боксёр муштум жегенден кийин 10 секдан ашык эсине келбесе, мелдеш токтотулуп, жеңиш аны жыга урган боксёрго берилет. Н. талуу жерге муштоонун негизинде болот. Анда боксёрдун дем алуусу, канынын айлануусу бузулуп, тегерегин байкабай тамтаңдап калат, башы айланат, эсин жоготот. Н. ичке, моюнга, чыкыйга, бөйрөккө, ээкке катуу соккондо да болушу мүмкүн. Н. болгондон 2- 3 миндан кийин боксёр эсине келет. Андан көбүрөөк эсинен танса, ооруканага тез жеткирүү керек. Н. болгон спортчуга 5 айга чейин мелдешке катышууга, 3 айга чейин спорт менен машыгууга болбойт. Таймаш учурунда Н-ка жеткирбестен, мелдешти токтотууга калыстын укугу бар.