НОГОЙЛОР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НОГОЙЛОР (өздөрүн ногъай деп аташат) - РФтеги эл; Түндүк Кавказдагы түрк тилдүү калк. Саны 150 миң киши (2010). Негизинен Дагстандын чет аймактарында, Чеченстанда жана Ставрополь крайында, ошондой эле Түркия, Румыния ж. б. өлкөлөрдө жашашат. 1944-жылы репрессияланып, Крым Н-унун көпчүлүгү Орто Азия тарапка зордук-зомбулук менен көчүрүлгөн. Ногой тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - мусулман-суннөттөр. Алар кара ногойлор, ачикулактык жана кумдук Н., кубандык Н., астрахандык Н. ж. б. субэтностук топторго бөлүнөт. Н. этнониминин келип чыгышы жана калыптанышынын негизи Алтын ордо ханы Иесун Нохойдун ысымы (13-к.) менен байланышат. Н-дун пайда болушу жөнүндө алгачкы маалыматтар 15-к-дын аягына таандык. 16- к-дын 2-жарымында Ногой ордосу жоюлуп, эки улус (Чоң жана Кичине Н.) түзүлгөн. Н. Россиянын курамына кирген соң, мамлекеттик түзүлүшү жоюлган. 1957-жылдан Дагстан, Чеченстан жана Ставрополь крайынын ортосунда администрациялык-аймактык чек ара бөлүнгөн. Көчмөн Н. мал чарбачылык, отурукташкандары дыйканчылык менен кесип кылышкан. Эркектери туника сымал жамынгыч, кенен ыштан, көйнөк, күрмө, кафтан, бешмант жана черкеска, бутуна бурка, башына кийиз калпак, аң терисинен тигилген тон кийип, белине кур курчанат. Аялдары узун, кең этек көйнөк, бешмант, кыска тон кийип, кооздуктарды тагынышкан. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, ун, балык азыктарынан даярдалып, суусундукка ногой чайы, йогурт, кымыз, айран, бозо ж. б. ичишет.
