НОГОЙЛОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НОГОЙЛОР (өздөрүн ногъай деп аташат) - РФте­ги эл; Түндүк Кавказдагы түрк тилдүү калк. Саны 150 миң киши (2010). Негизинен Дагстандын чет аймактарында, Чеченстанда жана Ставрополь крайында, ошондой эле Түркия, Румыния ж. б. өлкө­лөрдө жашашат. 1944-жылы репрессияланып, Крым Н-унун көпчүлүгү Орто Азия тарапка зордук-зом­булук менен көчүрүлгөн. Ногой тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - мусулман-суннөттөр. Алар кара ногойлор, ачикулактык жана кумдук Н., кубандык Н., астрахандык Н. ж. б. субэтнос­тук топторго бөлүнөт. Н. этнониминин келип чыгышы жана калыптанышынын негизи Алтын ордо ханы Иесун Нохойдун ысымы (13-к.) менен байланышат. Н-дун пайда болушу жөнүндө алгач­кы маалыматтар 15-к-дын аягына таандык. 16- к-дын 2-жарымында Ногой ордосу жоюлуп, эки улус (Чоң жана Кичине Н.) түзүлгөн. Н. Россия­нын курамына кирген соң, мамлекеттик түзүлүшү жоюлган. 1957-жылдан Дагстан, Чеченстан жана Ставрополь крайынын ортосунда администрациялык-аймактык чек ара бөлүнгөн. Көчмөн Н. мал чарбачылык, отурукташкандары дыйканчылык менен кесип кы­лышкан. Эркектери туника сымал жамынгыч, кенен ыштан, көйнөк, күрмө, кафтан, бешмант жана черкеска, бутуна бурка, башына кийиз кал­пак, аң терисинен тигилген тон кийип, белине кур курчанат. Аялдары узун, кең этек көйнөк, бешмант, кыска тон кийип, кооздуктарды та­гынышкан. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, ун, балык азыктарынан даярдалып, суусундукка ногой чайы, йогурт, кымыз, айран, бозо ж. б. ичишет.

Салттуу кийимчен ногойлор.