НИЧКЕ САЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НИЧКЕ-САЙ, Т е л ь м а н - Жалал-Абад облнун Токтогул районундагы кыштак. Ничке-Сай айыл аймагына караштуу. Батышынан КамбарАта, чыгышынан Чатыр-Таш жайлоосу менен чектешип, кууш өзөндө, Ничке-Сай суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1680 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарынан 60 км түштүк- чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 185 км. Калкы 1628 (2009); негизинен мал багып, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, мечит бар. Алты суу тегирмен, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт. Кыштакка жакын жерде соңку палеолит мезгилине таандык адамдардын тургун жайы табылган.