НИЧКЕ САЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИЧКЕ-САЙ, Т е л ь м а н - Жалал-Абад обл­нун Токтогул районундагы кыштак. Ничке-Сай айыл аймагына караштуу. Батышынан Камбар­Ата, чыгышынан Чатыр-Таш жайлоосу менен чек­тешип, кууш өзөндө, Ничке-Сай суусунун боюн­да, деңиз деңгээлинен 1680 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарынан 60 км түштүк- чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 185 км. Калкы 1628 (2009); негизинен мал ба­гып, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, мечит бар. Алты суу тегирмен, турмуш-тиричилик кызматынын бө­лүмдөрү, соода жайлары иштейт. Кыштакка жа­кын жерде соңку палеолит мезгилине таандык адамдардын тургун жайы табылган.