НИУЭ АРАЛЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска
НИУЭ АРАЛЫ, С а в и д ж («Жапайылар аралы») - Жаңы Зеландиядан эркин ассоциацияланган өзүн-өзү башкаруу статсусуна ээ өлкө (1974-жылдан). Тынч океандын борбордук бөлүгүндө, аты окшош шуру аралында (бийиктиги 91 мге чейин) жайгашкан. Жаңы Зеландиянын Полинезиядагы мурдагы ээлиги. Тонга а-нан 480 км аралыкта. Аянты 260 км?. Калкы 4,1 миң (2010); негизинен ниуэ полинезиялыктар. Динге ишенгендердин көпчүлүгү протестант-конгрегационалисттер. Калкынын орт. жыштыгы 1 кж2ге 6,4 киши. Расмий тили - ниуэ жана англис тилдери. Борбору - Алофи. Акча бирдиги - жаңы зеландия доллары.
Дүйнөдөгү эң ири шуру аралдарынын бири. Аралды 1774-жылы Ж. Куч ачкан. Н. а. 1900-жылдан Улуу Британиянын протектораты болуп, 1901-жылдан Жаңы Зеландиянын башкаруусуна өткөн. Азыркы статусуна 1974-жылдан ээ. Н. - көз каранды эмес демократиялуу федерация мамлекет. Жаңы Зеландиянын аралдагы өкүлү - Жогорку комиссар. Башкаруунун формасы - конституциялык монархия. Шериктештикке кирет. Климаты ысык жана тропиктик деңиздик (муссондук). Орт. температурасы 30°С, июльавгустта 26°С. Жылдык жаан-чачыны 2180 мм (айрым жылдары 3300 мм). Кээде кыйраткыч циклондор болуп турат. Топурагы күрөң-кызыл көпшөк. Аралда дарыя, көл жок. Тропиктик токой, бадалдар өсөт. Сүт өмуүчүлөрдөн ит, чочко жана мышык бар. Канаттуулардын 31 түрү (анын ичинде эндемиктери да бар) мекендейт. Буларды коргоо максатында бир нече коруктар (ириси Хувалу) жана Макану тумшугунан түштүктө Аноно деңиз коругу уюштурулган. Чарбасы Жаңы Зеландиянын финансылык жардамына көз каранды. ИДПнин көлөмү - 10,1 миллион АКШ доллары. Аны киши башына бөлүштөргөндө 5,8 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 50, ө ж-ныкы 27, а. ч-ныкы 23. Аралда 2007-жылы 3 миллион кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Жергиликтүү а. ч. сырьёлору (анын ичинде копра өндүрүшү) иштетилет. Белек-бечкектер даярдалатынча А. ч-га жарактуу жери аз. Маниок, батат, ямс өстүрүлөт. Үй куштары багылып, бир аз бодо мал, чочко асыралат. Балыкчылык өнүккөн. Автомобиль жолунун узундугу 230 км (анын ичинде 120 кми асфальтталган). Сырттан азык-түлүк, ө. ж: товарлары, машина, отун, медициналык жабдуулар алынат. Билим берүү системасы Жаңы Зеландиянын модели менен (5 жаштан 14 жашка чейин милдеттүү түрдө) жүргүзүлөт. Орто мектеп, Түштүк Тынч океан университетинин филиалы бар. Арал дүйнөдө алгачкылардан болуп улуттук интернет (зымсыз) системасына кирген. Интернеттен маалымат кабыл алуучу антенналар кокос пальмаларында эле илинип турат. Алар күн энергиясынын негизинде иштейт. Интернет тармагы калктын бардык катмарына жетимдүү. 1994- жылдан оффшордук зона.
Негизги соода шериктештери: Жаңы Зеландия, Австралия. Туризм өнүгүүдө.