НИУЭ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИУЭ АРАЛЫ, С а в и д ж («Жапайылар ара­лы») - Жаңы Зеландиядан эркин ассоциация­ланган өзүн-өзү башкаруу статсусуна ээ өлкө (1974-жылдан). Тынч океандын борбордук бөлүгүндө, аты окшош шуру аралында (бийиктиги 91 мге че­йин) жайгашкан. Жаңы Зеландиянын Полине­зиядагы мурдагы ээлиги. Тонга а-нан 480 км аралыкта. Аянты 260 км?. Калкы 4,1 миң (2010); негизинен ниуэ полинезиялыктар. Динге ишен­гендердин көпчүлүгү протестант-конгрегациона­листтер. Калкынын орт. жыштыгы 1 кж2ге 6,4 киши. Расмий тили - ниуэ жана англис тилде­ри. Борбору - Алофи. Акча бирдиги - жаңы зеландия доллары.

Дүйнөдөгү эң ири шуру аралдарынын бири. Аралды 1774-жылы Ж. Куч ачкан. Н. а. 1900-жыл­дан Улуу Британиянын протектораты болуп, 1901-жылдан Жаңы Зеландиянын башкаруусу­на өткөн. Азыркы статусуна 1974-жылдан ээ. Н. - көз каранды эмес демократиялуу федера­ция мамлекет. Жаңы Зеландиянын аралдагы өкүлү - Жогорку комиссар. Башкаруунун фор­масы - конституциялык монархия. Шериктеш­тикке кирет. Климаты ысык жана тропиктик де­ңиздик (муссондук). Орт. температурасы 30°С, июль­августта 26°С. Жылдык жаан-чачыны 2180 мм (айрым жылдары 3300 мм). Кээде кыйраткыч циклондор болуп турат. Топурагы күрөң-кызыл көпшөк. Аралда дарыя, көл жок. Тропиктик токой, бадалдар өсөт. Сүт өмуүчүлөрдөн ит, чоч­ко жана мышык бар. Канаттуулардын 31 түрү (анын ичинде эндемиктери да бар) мекендейт. Буларды коргоо максатында бир нече коруктар (ириси Ху­валу) жана Макану тумшугунан түштүктө Аноно деңиз коругу уюштурулган. Чарбасы Жаңы Зе­ландиянын финансылык жардамына көз каран­ды. ИДПнин көлөмү - 10,1 миллион АКШ доллары. Аны киши башына бөлүштөргөндө 5,8 миң дол­лардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 50, ө ж-ныкы 27, а. ч-ныкы 23. Аралда 2007-жылы 3 миллион кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Жергиликтүү а. ч. сырьёлору (анын ичинде копра өндүрүшү) иштетилет. Белек-бечкектер даярда­латынча А. ч-га жарактуу жери аз. Маниок, батат, ямс өстүрүлөт. Үй куштары багылып, бир аз бодо мал, чочко асыралат. Балыкчылык өнүккөн. Автомобиль жолунун узундугу 230 км (анын ичинде 120 кми асфальтталган). Сырттан азык-түлүк, ө. ж: то­варлары, машина, отун, медициналык жабдуулар алы­нат. Билим берүү системасы Жаңы Зеландия­нын модели менен (5 жаштан 14 жашка чейин милдеттүү түрдө) жүргүзүлөт. Орто мектеп, Түштүк Тынч океан университетинин филиалы бар. Арал дүй­нөдө алгачкылардан болуп улуттук интернет (зымсыз) системасына кирген. Интернеттен маа­лымат кабыл алуучу антенналар кокос паль­маларында эле илинип турат. Алар күн энергия­сынын негизинде иштейт. Интернет тармагы калктын бардык катмарына жетимдүү. 1994- жылдан оффшордук зона.

Негизги соода шериктештери: Жаңы Зелан­дия, Австралия. Туризм өнүгүүдө.