НИКИТИНА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

НИКЙТИНА Еннафа Васильевна (1893, азыр­кы Томск ш. - 1. 6. 1975, Фрунзе) - биология илимдеринин доктору (1962), проф. (1962). Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1963). Томск шаарындагы Сибирь жогорку аялдар курсун бүтүр­гөн (1916). 1917-27-ж. Томск мамлекеттик университетинде иш­теген. 1927-41-ж. Кыргызстан мал чарба ИИИде улук илимий кызматкер, Кыргыз педин-тунда кафедра башчысы (1941-46), бир эле учурда Фрунзедеги Ботаникалык бактын директору. 1946-жылдан СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалынын Биология ин­тунда, кийин Кыргыз ССР ИАнын Ботаника жана Биология институттарында лабор. башчысы бо­луп иштеген. 80ден ашуун илимий эмгектин автору. Негизги илимий иштери Кыргызстандын флорасын изил­дөөгө арналган. Анын жетекчилиги менен он бир томдук «Кыргыз ССРинин флорасы» деген ки­теп даярдалган (1952-65). Кыргыз ССРинин фло­расын биогеохим. жактан тактоого, респ-нын өсүмдүктөрүнүн жүз миң даана барак гербари­йин түзүүгө чоң салым кошкон. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Эмг.: Флора Киргизской ССР (в соавторстве). Ф., 1946-65. Т. 1-11; Ядовитые и вредные растения пастбищ и сенокосов Киргизии. Ф., 1959; Флора и растительность пастбищ и сенокосов хребта Киргиз­ского Ала-Тоо. Ф., 1962; Полыни Киргизии и их хозяйственные значения. Ф., 1964.