НИКИТИНА
НИКЙТИНА Еннафа Васильевна (1893, азыркы Томск ш. - 1. 6. 1975, Фрунзе) - биология илимдеринин доктору (1962), проф. (1962). Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1963). Томск шаарындагы Сибирь жогорку аялдар курсун бүтүргөн (1916). 1917-27-ж. Томск мамлекеттик университетинде иштеген. 1927-41-ж. Кыргызстан мал чарба ИИИде улук илимий кызматкер, Кыргыз педин-тунда кафедра башчысы (1941-46), бир эле учурда Фрунзедеги Ботаникалык бактын директору. 1946-жылдан СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалынын Биология интунда, кийин Кыргыз ССР ИАнын Ботаника жана Биология институттарында лабор. башчысы болуп иштеген. 80ден ашуун илимий эмгектин автору. Негизги илимий иштери Кыргызстандын флорасын изилдөөгө арналган. Анын жетекчилиги менен он бир томдук «Кыргыз ССРинин флорасы» деген китеп даярдалган (1952-65). Кыргыз ССРинин флорасын биогеохим. жактан тактоого, респ-нын өсүмдүктөрүнүн жүз миң даана барак гербарийин түзүүгө чоң салым кошкон. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Эмг.: Флора Киргизской ССР (в соавторстве). Ф., 1946-65. Т. 1-11; Ядовитые и вредные растения пастбищ и сенокосов Киргизии. Ф., 1959; Флора и растительность пастбищ и сенокосов хребта Киргизского Ала-Тоо. Ф., 1962; Полыни Киргизии и их хозяйственные значения. Ф., 1964.