МОЦАРТ Вольфганг Амадей: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (Майда түзөтүү)
м (Lera «МОЦАРТ» барагын «МОЦАРТ Вольфганг Амадей» деп кайра атады)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 06:23 учурдагы соңку нуска

МОЦАРТ Вольфганг Амадей (27. 1. 1756, Зальц­бург - 5. 12. 1791, Вена) - австрия композито­ру, Вена классикалык мектебинин ири өкүлү. Скрипач

МОЦАРТ Вольфганг Амадей

жана композитор Леопольд Моцарттын уулу жана шакирти. Моцарт 4 жа­шынан клавесинде ойноп, 5 жашынан музыка чыгарган (8-9 жашында симфония, 10-11 жашында


музыкалык театр үчүн чыгарма). 1762-жылы пиа­нист эжелери (Мария, Ан­на) менен Германия, Австрия, Франция, Швейцарияда бо­луп, пианист, скрипач, орга­нист, ырчы катары концерт берген. 1779-1781-жылдары Зальц­бург князь-архиепискобунун сарайында орга­нист, 1770-жылы Болонья Филармония академия­сынын мүчөсү болгон. Академиянын жетекчи­си Ж. Б. Мартиниден композиция боюнча сабак алып, Рим папасынын Алтын текөөр ордени менен сыйланган. 19 жашында 10 музыкалык-сахналык чыгарма (оратория, музыкалык комедия, опера), 2 кан­тата, бир нече симфония, квартет, соната жана башкаларды жараткан. Миланда өзүнүн «Митридат - понт падышасы» операсына дирижёрлук кылган. 1781-жылдан Венада жашап, «Театр директо­ру», «Фигаронун үйлөнүү тою» (1786), «Дон Жуан» (1787), «Сыйкырдуу чоор» (1791) жана башка операларды жазган. Моцарт - 600дөн ашык чыгар­манын - 17 опера, 50дөй симфония, 50дөн ашык камералык ансамбль (23 аспаптык квартет), ор­кестр үчүн 40тай концерт, соната (фортепиано үчүн 21, скрипка жана фортепиано үчүн 35), хор үчүн чыгармалар, ырлар жана башка чыгармалардын автору. Композитордун туулган жери Зальцбур­гда Эл аралык «Моцартеум» (1880-жылы уюшул­ган) мекемеси башында турган агартуу, илимий изилдөө, окуу жана башка тармактар түзүлгөн.

Ад.: Эйнштейн А. Моцарт. Личность. Творчество. 2-е изд. М., 2007; Луцпер П. В„ Сусидко И. П. Моцарт и его время. М., 2008. Бадура-Скода Е„ Бадура-Ско­да П. Интерпретация Моцарта. 2-е изд. М., 2011.