МОЦАРТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЦАРТ Вольфганг Амадей (27. 1. 1756, Зальц­бург - 5. 12. 1791, Вена) - австрия композито­ру, Вена классикалык мектебинин ири өкүлү. Скрипач

жана композитор Леопольд Моцарттын уулу жана шакирти. М. 4 жа­шынан клавесинде ойноп, 5 жашынан музыка чыгарган (8-9 жашында симфония, 10-11 жашында музыкалык театр үчүн чыгарма). 1762-ж. пиа­нист эжелери (Мария, Ан­на) менен Германия, Австрия, Франция, Швейцарияда бо­луп, пианист, скрипач, орга­нист, ырчы катары концерт берген. 1779-81-ж. Зальц­бург князь-архиепискобунун сарайында орга­нист, 1770-ж. Болонья Филармония академия­сынын мүчөсү болгон. Академиянын жетекчи­си Ж. Б. Мартиниден композиция боюнча сабак алып, Рим папасынын Алтын текөөр ордени менен сыйланган. 19 жашында 10 музыкалык-сахналык чыгарма (оратория, музыкалык комедия, опера), 2 кан­тата, бир нече симфония, квартет, соната ж. б. жараткан. Миланда өзүнүн «Митридат - понт падышасы» операсына дирижёрлук кылган. 1781-жылдан Венада жашап, «Театр директо­ру», «Фигаронун үйлөнүү тою» (1786), «Дон Жуан» (1787), «Сыйкырдуу чоор» (1791) ж. б. операларды жазган. М. - бООдөн ашык чыгар­манын - 17 опера, 50дөй симфония, 50дөн ашык камералык ансамбль (23 аспаптык квартет), ор­кестр үчүн 40тай концерт, соната (фортепиано үчүн 21, скрипка жана фортепиано үчүн 35), хор үчүн чыгармалар, ырлар ж. б. чыгармалардын автору. Композитордун туулган жери Зальцбур­гда Эл аралык «Моцартеум» (1880-

ж. уюшул­ган) мекемеси башында турган агартуу, ил-из., окуу ж. б. тармактар түзүлгөн.

Ад.: Эйнштейн А. Моцарт. Личность. Творчество. 2-е изд. М., 2007; Луцпер П. В„ Сусидко И. П. Моцарт и его время. М., 2008. Бадура-Скода Е„ Бадура-Ско­да П. Интерпретация Моцарта. 2-е изд. М., 2011.