МЕСАРОШ Ласло: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera «МЕСАРОШ» барагын «МЕСАРОШ Ласло» деп кайра атады) |
(Айырма жок)
| |
25 ноябрь 2026, саат 04:58 учурдагы соңку нуска
МЕСАРОШ Ласло (18. 9. 1905, Будапешт - 12. 9. 1945) - венгр скульптору.

Колдонмо искусство мектебинде үч жыл окуп, Римдеги Венгр институтун бүткөн (1932-1934). 1928-жылы Улуттук салондун, 1929-жылы Сүрөтчүлөрдүн жаңы коомунун көргөзмөсүнө катышып, 1930-жылы Будапешт сыйлыгын алган. Месароштун каармандары - жумушчулар, белгилүү социалдык мазмундагы конкреттүүлүк түзгөн. Советтик Социалисттик Республикалар Союзуна келгенге чейинки чыгармалары: «Жаш жумушчу» (1929-жылга жакын, жасалма таш), «Тентиген уул» (1930, коло, Венгр улуттук галереясы), «Козголоңчу (Эркиндик)» (1934-жылга жакын, коло, Венгр улуттук галереясы), «Белгисиз аттын эстелиги» (1935, коло, Хювешвельд казармасы) жана башкалар. 1935-жылы Советтик Социалисттик Республикалар Союзуна, 1936-жылы Кыргызстанга келип, Орто Азияда биринчи жолу скульптура студиясын уюштурган. Вул жерде ал скульптор, архитектор жана декоратор катары иштеп, Фрунзе темир жол вокзалынын долбоорун түзүүгө катышкан. Өкмөт үйүнүн жыйындар залы үчүн фриз сериясын жасаган. Улуттук типтердин образын берген портреттердин («Жаш кыргыз», 1936-1937, «Кыргыз аялы», 1931-1937 жана башкалар) автору, Бишкек шаарында Месароштун ысмында көчө бар. 1968-жылы венгр кинорежисёру, Месароштун кызы Марта Месарош «Ласло Месарошту эскерип» аттуу документ фильм тарткан.