МЕСАРОШ Ласло

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МЕСАРОШ Ласло (18. 9. 1905, Будапешт - 12. 9. 1945) - венгр скульптору.

МЕСАРОШ Ласло

Колдонмо искусство мектебинде үч жыл окуп, Римдеги Венгр институтун бүткөн (1932-1934). 1928-жылы Улуттук салондун, 1929-жылы Сүрөтчүлөрдүн жа­ңы коомунун көргөзмөсү­нө катышып, 1930-жылы Бу­дапешт сыйлыгын алган. Месароштун каармандары - жу­мушчулар, белгилүү социал­дык мазмундагы конкрет­түүлүк түзгөн. Советтик Социалисттик Республикалар Союзуна кел­генге чейинки чыгармалары: «Жаш жумушчу» (1929-жылга жакын, жасалма таш), «Тентиген уул» (1930, коло, Венгр улуттук галереясы), «Козголоңчу (Эркин­дик)» (1934-жылга жакын, коло, Венгр улут­тук галереясы), «Белгисиз аттын эстелиги» (1935, коло, Хювешвельд казармасы) жана башкалар. 1935-жылы Советтик Социалисттик Республикалар Союзуна, 1936-жылы Кыргызстанга келип, Орто Азияда биринчи жо­лу скульптура студиясын уюштурган. Вул жер­де ал скульптор, архитектор жана декоратор ка­тары иштеп, Фрунзе темир жол вокзалынын долбоо­рун түзүүгө катышкан. Өкмөт үйүнүн жыйын­дар залы үчүн фриз сериясын жасаган. Улуттук типтердин образын берген портреттердин («Жаш кыргыз», 1936-1937, «Кыргыз аялы», 1931-1937 жана башкалар) автору, Бишкек шаарында Месароштун ысмында көчө бар. 1968-жылы венгр кинорежисёру, Месароштун кызы Марта Месарош «Ласло Месарошту эскерип» аттуу документ фильм тарткан.