МАЗИНА Жульетта: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera «МАЗИНА» барагын «МАЗИНА Жульетта» деп кайра атады) |
(Айырма жок)
| |
20 ноябрь 2026, саат 09:43 учурдагы соңку нуска
МАЗИНА Жульетта (өз аты-жөнү - Жулия Анна) (22. 2. 1921, Болоньяга жакын, Сан-Жоржо-ди-Пьяно - 23. 3. 1994, Рим, сөөгү Риминиге коюлган) - италиялык киноактриса. Режиссёр Ф. Феллининин аялы. Рим университетинин филология факультетин бүткөн (1943). Окуучу жана студент кезинде ар кандай театрларда Мазина ырчы, бийчи, скрипкачы жана драмалык актриса катары күчүн сынаган.

Жаш сүрөтчү жана фельетончу Ф. Феллини жазган радио берүүлөргө катышуу менен экөөнүн жарым кылымдык чыгармачылык өзгөчө союзу башталган. Мазинанын чыгармачылыгынын лиризм менен гротескти, терең психологизм менен «күлкүлүү» көрүнүштөрдү айкалыштыра алган өзгөчөлүгү Феллининин фильмдеринде толук жана кенири ачылган жана неореализмден кийинки мезгилдин символуна айландырган: Жельсомина - «Жол» (СССРде «Алар да жолдо жүрүшкөн» деп аталган; Кабирия - «Кабириянын түндөрү» (Канныдагы, Сан-Себастьяндагы ЭКФтердин сыйлыгы). Актриса ошондой эле. Ф. Фелинин «Варьете оттору», «Ак шейх», «Жульетта жана атыр», «Кесеп», «Жинжер менен Фред» «Европа-51», «Чоң шаар четинде», «Фортунелла» жана башка фильмдерге тартылган.
Ад.: Феллини Ф. Делать фильм. М., 1984.