ЛОЛЛОБРИДЖИДА Жина: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Lera «ЛОЛЛОБРИДЖИДА» барагын «ЛОЛЛОБРИДЖИДА Жина» деп кайра атады) |
(Айырма жок)
| |
20 ноябрь 2026, саат 06:37 учурдагы соңку нуска
ЛОЛЛОБРИДЖИДА Жина (өз ысмы Луиджина; 4. 7. 1927-жылы туулган, Субиако - 16. 1. 2023, Рим - Италия) - италиян актрисасы. 1946-жылы «Кара бүркүт» фильмине тартылган, 1947-жылы Италияда өткөн «Мисс Италия» сулуулук конкурсунан кийин белгилүү боло баштаган. Ж. Филипп менен «Фанфан-Тюльпан» (режиссёру Кристиан Жак) окуялуу фильмине тартылган. 1950-жылдардын башында «күлгүн неореализмдин» фильмдерине, анын ичинде ага атак-даңк алып келген Л. Коменчининин «Нан, сүйүү жана фантазия», «Нан, сүйүү жана кызганыч» комедияларына В. Де Сика менен бирге тартылган. Кийин Лоллобриджида италия, европалык жана америкалык көңүл ачуучу мүнөздөгү фильмдерге («Соломон жана каныша Савская», «Империялык Венера» жана башкалар) тартылган. 1970-жылдары Лоллобриджида Куба жөнүндө «Фиделдин портрети» (1975) деген документ фильм коюп, көркөм фотография менен иштейт. «Абайлагыла, бандиттер», «Түнкү сулуулар», «Элеттик кыз», «Римдик кыз», «Париждик Кудай эне собору», «Сентябрда кел», «Эң сонун ноябрь», «Төрө, матке, вазир» фильмдерине тартылган. 1980- жылдардан скульптура менен алектенет. Чыгармачылыгы жана кино искусствосуна кошкон салымы үчүн Батыш Берлинде (1986), Карлови-Вариде (1995), Москвада (1997) ЭКФ сыйлыгын алган. Ардактуу легион ордени менен сыйланган.
Эмг.: Italia mia. Firenze, 1972; Моя Италия [фотоальбом]. М., 1975.