ЛОЛЛОБРИДЖИДА Жина

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОЛЛОБРИДЖИДА Жина (өз ысмы Луиджи­на; 4. 7. 1927-жылы туулган, Субиако - 16. 1. 2023, Рим - Италия) - италиян актрисасы. 1946-жылы «Кара бүркүт» фильмине тартылган, 1947-жылы Италияда өткөн «Мисс Италия» сулуу­лук конкурсунан кийин белгилүү боло башта­ган. Ж. Филипп менен «Фанфан-Тюльпан» (режиссёру Кристиан Жак) окуялуу фильмине тар­тылган. 1950-жылдардын башында «күлгүн нео­реализмдин» фильмдерине, анын ичинде ага атак-даңк алып келген Л. Коменчининин «Нан, сүйүү жана фантазия», «Нан, сүйүү жана кызганыч» коме­дияларына В. Де Сика менен бирге тартылган. Кийин Лоллобриджида италия, европалык жана америкалык көңүл ачуучу мүнөздөгү фильмдерге («Соломон жана каныша Савская», «Империялык Венера» жана башкалар) тартыл­ган. 1970-жылдары Лоллобриджида Куба жөнүндө «Фиделдин портрети» (1975) деген документ фильм коюп, көркөм фотография менен иштейт. «Абайлагыла, бандиттер», «Түнкү сулуулар», «Элеттик кыз», «Римдик кыз», «Париждик Кудай эне собору», «Сентябрда кел», «Эң сонун ноябрь», «Төрө, матке, вазир» фильмдерине тартылган. 1980- жылдардан скульптура менен алектенет. Чыгармачылы­гы жана кино искусствосуна кошкон салымы үчүн Ба­тыш Берлинде (1986), Карлови-Вариде (1995), Москвада (1997) ЭКФ сыйлыгын алган. Ардактуу легион ордени менен сыйланган.

Эмг.: Italia mia. Firenze, 1972; Моя Италия [фото­альбом]. М., 1975.