НЕВРОЗДОР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НЕВРОЗДОР — психиканы жабыркатуучу факторлордун, эмоциялык же акыл эмгегинен өтө чарчаганда, көп учурда жугуштуу ж. б. оорулардан болуучу психикалык оорулар тобу (неврастения, истерия, жадатма абал). Бул ооруга кош бойлуунун талгагы, патол. төрөттөн болуучу нерв системасынын тубаса начарлыгы жана бала кезинде кырсыкка чалдыгуу түрткү берет же түрдүү оорулардан кийин пайда болот. Н-го үй-бүлөдөгү чыр-чатак, кемсинтүү, өтө чарчоо ж. б. себеп болот. Баланы туура эмес тарбиялоо, анын кызыкчылыгын эске албай, жөндөнжөн жемелөө анын өзүнө болгон ишеничин кетирет. Же тескерисинче аны өтө эркелетип, ою менен болуп, өтө мактап, анын бардык-талабын орундатуу да баланын психикасын бузат. Н. менен ооругандар психикалык оорулардан айырмаланып, өзүнүн кылык-жоругун башкара алат жана айланасындагы окуяларды туура баамдайт. Н-до оорулуунун алы кетип, урушчаак болуп, уйкусу бузулуп, башы ооруйт, көңүлү чөгөт. Көбүнчө органдарды жөнгө салуунун бузулушунан алардын функциясы начарлайт, мисалы, жүрөктүн тез согушу, карындын оорушу байкалат. Н-дун кээ бир түрүндө оорулуунун тынчы кетип, курулай шектенип, таарынчаак жана эмоциялык туруксуз болуп калат. Оорулуу психотерапевт, психиатр жана невропатологго кайрылып, убагында дарыланышы талапка ылайык. Дарылоо психотерапия жолу менен жүргүзүлөт. Алдын алууда психиканы жабыркатуучу таасирди токтотуу, үйдө жана жумушта жагымдуу психикалык шарт түзүү, эмгек жана эс алуу режимин туура сактоо керек. Организмди чыңдоо жана балдарга туура тарбия берүү чоң мааниге ээ.