НЕВРОЗДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕВРОЗДОР — психиканы жабыркатуучу фак­торлордун, эмоциялык же акыл эмгегинен өтө чарчаганда, көп учурда жугуштуу ж. б. оору­лардан болуучу психикалык оорулар тобу (нев­растения, истерия, жадатма абал). Бул ооруга кош бойлуунун талгагы, патол. төрөттөн болуу­чу нерв системасынын тубаса начарлыгы жана бала кезинде кырсыкка чалдыгуу түрткү берет же түрдүү оорулардан кийин пайда болот. Н-го үй-бүлөдөгү чыр-чатак, кемсинтүү, өтө чарчоо ж. б. себеп болот. Баланы туура эмес тарбия­лоо, анын кызыкчылыгын эске албай, жөндөн­жөн жемелөө анын өзүнө болгон ишеничин кетирет. Же тескерисинче аны өтө эркелетип, ою менен болуп, өтө мактап, анын бардык-тала­бын орундатуу да баланын психикасын бузат. Н. менен ооругандар психикалык оорулардан айырмаланып, өзүнүн кылык-жоругун башка­ра алат жана айланасындагы окуяларды туура баамдайт. Н-до оорулуунун алы кетип, уруш­чаак болуп, уйкусу бузулуп, башы ооруйт, көңүлү чөгөт. Көбүнчө органдарды жөнгө салуу­нун бузулушунан алардын функциясы начар­лайт, мисалы, жүрөктүн тез согушу, карындын оорушу байкалат. Н-дун кээ бир түрүндө оору­луунун тынчы кетип, курулай шектенип, таа­рынчаак жана эмоциялык туруксуз болуп калат. Оорулуу психотерапевт, психиатр жана невропа­тологго кайрылып, убагында дарыланышы та­лапка ылайык. Дарылоо психотерапия жолу менен жүргүзүлөт. Алдын алууда психиканы жа­быркатуучу таасирди токтотуу, үйдө жана жумуш­та жагымдуу психикалык шарт түзүү, эмгек жана эс алуу режимин туура сактоо керек. Орга­низмди чыңдоо жана балдарга туура тарбия берүү чоң мааниге ээ.