НАСЫЯТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАСЫЯТ - элдик чыгармачылыкта дидактикалык, таалим-тарбияга үндөгөн ырлар. Н. (мазмун, тема, аткарылуу ыкмасы ж. б.) терме, санат сыяктуу дидактикалык чыгармаларга окшош келет. Бирок белгилүү деңгээлде айырмачылыктары да бар. Н-та айтуучу, аткаруучу, ырчы угуучуларга түздөн-түз кайрылат, кайсы жүрүш-туруш жакшы же жаман экендигин ачык айтат, аларды жакшы жакка - эмгектенүүгө, таза жүрүүгө, ак ниет, калыс болууга чакырат, үндөйт. Н. Тоголок Молдонун «Кедейлерге насыятынан» баштап көп акындардын чыгармаларында бар. Н. Токтогулдун да сүйүктүү темасы болгон. Н. мазмуну боюнча адам турмушу, тагдыры, жашоосу, өмүрү, өлүмү жөнүндө ой толгоо жүргүзгөн медитативдик мүнөздөгү ырдын касиет-сапатына толук ээ. Элдик поэзиянын байыркы салттары менен тутумдаш, жанаша өнүккөн акындар поэзиясында да Н., санат ырлары кеңири орун алган (мисалы, Жеңижоктун Н. ырларында төмөнкүдөй саптар бар: Такасы болот жоргонун, Таалим алып жашыңдан/Пейилиңди оңдогун. Өсүп чыгар баланын/Келечек түбүн ойлогун/Жакшы чыгар жигиттин/Жолуна жолто болбогун).