НАСЫЯТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАСЫЯТ - элдик чыгармачылыкта дидактикалык, таалим-тарбияга үндөгөн ырлар. Н. (мазмун, тема, аткарылуу ыкмасы ж. б.) терме, санат сыяктуу дидактикалык чыгармаларга окшош келет. Бирок белгилүү деңгээлде айырмачылык­тары да бар. Н-та айтуучу, аткаруучу, ырчы угу­учуларга түздөн-түз кайрылат, кайсы жүрүш-ту­руш жакшы же жаман экендигин ачык айтат, аларды жакшы жакка - эмгектенүүгө, таза жү­рүүгө, ак ниет, калыс болууга чакырат, үндөйт. Н. Тоголок Молдонун «Кедейлерге насыяты­нан» баштап көп акындардын чыгармаларын­да бар. Н. Токтогулдун да сүйүктүү темасы бол­гон. Н. мазмуну боюнча адам турмушу, тагдыры, жашоосу, өмүрү, өлүмү жөнүндө ой толгоо жүргүзгөн медитативдик мүнөздөгү ырдын касиет-сапаты­на толук ээ. Элдик поэзиянын байыркы салт­тары менен тутумдаш, жанаша өнүккөн акындар поэзиясында да Н., санат ырлары кеңири орун алган (мисалы, Жеңижоктун Н. ырларында төмөн­күдөй саптар бар: Такасы болот жоргонун, Таа­лим алып жашыңдан/Пейилиңди оңдогун. Өсүп чыгар баланын/Келечек түбүн ойлогун/Жакшы чыгар жигиттин/Жолуна жолто болбогун).