НАРЫН ЧОПО КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАРЫН ЧОПО КЕНИ Нарын р-нунда, Нарын ш-нан 1,5 км түндүк тарапта, Нарын д-нын оң өйү­зүндөгү 2-тектирде. 1939-ж. табылган. 1950-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын антропогендин аллювий чөкмөлөрү тү­зөт. Пайдалуу катмар саргыч, боз, күрөң түстөгү чоподон турат. Катмардын орт. калыңдыгы 4,5- 10 м, чет жакасы 0,14-4,90 мте чейин жукарат. Арасында калыңдыгы 0,05-0,3 м келген кум жана шагыл кабатчаларЬ! кездешет. Жакшы ным­далат, ийилгичтиги жогору. Чопо химиялык-технол. касиети боюнча «100», «125» маркасындагы куру­луш кышын даярдоого жарактуу. Запасы А+В категориясы боюнча 638 миң лг3. Кенди карьерден казып алып, Нарын кыш заводу пайдаланууда.