НАРЫН ЧОПО КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАРЫН ЧОПО КЕНИ Нарын р-нунда, Нарын ш-нан 1,5 км түндүк тарапта, Нарын д-нын оң өйүзүндөгү 2-тектирде. 1939-ж. табылган. 1950-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын антропогендин аллювий чөкмөлөрү түзөт. Пайдалуу катмар саргыч, боз, күрөң түстөгү чоподон турат. Катмардын орт. калыңдыгы 4,5- 10 м, чет жакасы 0,14-4,90 мте чейин жукарат. Арасында калыңдыгы 0,05-0,3 м келген кум жана шагыл кабатчаларЬ! кездешет. Жакшы нымдалат, ийилгичтиги жогору. Чопо химиялык-технол. касиети боюнча «100», «125» маркасындагы курулуш кышын даярдоого жарактуу. Запасы А+В категориясы боюнча 638 миң лг3. Кенди карьерден казып алып, Нарын кыш заводу пайдаланууда.