НАРИСТЕ ҮЙҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАРИСТЕ ҮЙҮ - үч жашка чейинки балдарды тарбиялоочу мекеме. КРдин Саламаттыкты сак­тоо министрлиги көзөмөлдөйт. Жетим жана таш­танды балдар, ошондой эле жалгыз бой энелердин, укуктан ажыраган ата-энелердин балдары ка­был алынат. Тарбиялануучулар курактык өзгө­чөлүгүнө жараша топторго бөлүштүрүлөт жана ар биринде тарбиячы болот. Н. ү-н балдар врачы жетектейт. Балдардын туура тарбиялануусу үчүн атайын режим сакталат. Н. ү. Бишкек жана Ток­мок ш-нда бар.