НАРИСТЕ ҮЙҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
НАРИСТЕ ҮЙҮ - үч жашка чейинки балдарды тарбиялоочу мекеме. КРдин Саламаттыкты сактоо министрлиги көзөмөлдөйт. Жетим жана таштанды балдар, ошондой эле жалгыз бой энелердин, укуктан ажыраган ата-энелердин балдары кабыл алынат. Тарбиялануучулар курактык өзгөчөлүгүнө жараша топторго бөлүштүрүлөт жана ар биринде тарбиячы болот. Н. ү-н балдар врачы жетектейт. Балдардын туура тарбиялануусу үчүн атайын режим сакталат. Н. ү. Бишкек жана Токмок ш-нда бар.