НАНСЕН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАНСЕН Фритьоф [10. 10. 1861, Норвегия, Кристианияга (учурда Осло) жакын Стуре-Фрёен чар-

багы - 13. 5. 1930, Ослого жакын Люсакер чарбагы] - норвегиялык саякатчы, океанограф, Арктиканы изилдөөчү, коомдук ишмер. 1897-жылдан Кристиания (Осло) унтинде профессор, Петербург ИАнын чет өлкөлүк ардактуу мүчөсү (1898). 1888-ж. алгачкылардан болуп Гренландияны лыжа менен кесип өтүп, анын ички райондору муздук менен текши капталганын аныктаган. Ал 1893- 96-ж. «Фрам» кемесинде саякат жасап, океаногр. жана климаттык байкоо жүргүзгөн. Түндүк Муз океаны тайыз экендигин жокко чыгарып, анын суу массасынын структурасын, пайда болушун аныктаган; муздун кыймылына Жер шарынын суткалык айлануусунун тийгизген таасирин ачкан. 1900-ж. Түндүк Муз океанындагы агымдарды изилдөөчү экспедицияга катышып, атлантикалык жылуу суу акваторияга кирерин аныктаган, бир нече аралды жана Кара (Карск) деңизиндеги 3 архипелагды ачкан. 1913-ж. Түндүк Муз океанынын жээгин бойлой Енисейдин чатына чейин, андан_соң Чыгыш Сибирь менен Ы. Чыгыштын түштүгүнө саякат жасаган. Анын ысмынан Гренландия а. менен Шпицберген архипелагынын ортосундагы суу астындагы босого, ФранцИосиф Жериндеги аралдардын бири, Канада арктикалык архипелагындагы кысык ж. б. аталган. 1920-21-ж. Норвегиянын Улуттар аралык лигадагы өкүлү, Аскер туткундарынын иштери боюнча жогорку комиссар, Россиядагы ачкачылыктан жабыркагандарга жардам берүүнү уюштуруучулардын бири. Ага 1922-ж. Эл арасында тынчтыкты чындаганы үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган.
Ад.: Таланов А. Нансен. М., 1960; Нансен-Хейер Л. Книгаоб отце//Пер. снорв. Л., 1971; Кублицкий Г. Фритьоф Нансен. Фр., 1969.