НАНСЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАНСЕН Фритьоф [10. 10. 1861, Норвегия, Крис­тианияга (учурда Осло) жакын Стуре-Фрёен чар-

багы - 13. 5. 1930, Ослого жакын Люсакер чар­багы] - норвегиялык саякатчы, океанограф, Арктиканы изилдөөчү, коомдук ишмер. 1897-жыл­дан Кристиания (Осло) ун­тинде профессор, Петербург ИАнын чет өлкөлүк ардак­туу мүчөсү (1898). 1888-ж. алгачкылардан болуп Грен­ландияны лыжа менен кесип өтүп, анын ички райондору муздук менен текши каптал­ганын аныктаган. Ал 1893- 96-ж. «Фрам» кемесинде саякат жасап, океаногр. жана климаттык бай­коо жүргүзгөн. Түндүк Муз океаны тайыз экенди­гин жокко чыгарып, анын суу массасынын струк­турасын, пайда болушун аныктаган; муздун кыймылына Жер шарынын суткалык айлануу­сунун тийгизген таасирин ачкан. 1900-ж. Түндүк Муз океанындагы агымдарды изилдөөчү экспе­дицияга катышып, атлантикалык жылуу суу акваторияга кирерин аныктаган, бир нече арал­ды жана Кара (Карск) деңизиндеги 3 архипелаг­ды ачкан. 1913-ж. Түндүк Муз океанынын жээгин бойлой Енисейдин чатына чейин, андан_соң Чы­гыш Сибирь менен Ы. Чыгыштын түштүгүнө сая­кат жасаган. Анын ысмынан Гренландия а. менен Шпицберген архипелагынын ортосундагы суу ас­тындагы босого, ФранцИосиф Жериндеги арал­дардын бири, Канада арктикалык архипелагын­дагы кысык ж. б. аталган. 1920-21-ж. Норве­гиянын Улуттар аралык лигадагы өкүлү, Аскер туткундарынын иштери боюнча жогорку комиссар, Россиядагы ачкачылыктан жабыркагандарга жардам берүүнү уюштуруучулардын бири. Ага 1922-ж. Эл арасында тынчтыкты чындаганы үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган.

Ад.: Таланов А. Нансен. М., 1960; Нансен-Хейер Л. Книгаоб отце//Пер. снорв. Л., 1971; Кублицкий Г. Фритьоф Нансен. Фр., 1969.