НАНОТЕХНОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАНОТЕХНОЛОГИЯ - өлчөмдөрү 1-100 нм (1 нлг=10-9 м) заттарды жана материалдарды алуу, алардын касиеттерин изилдөө жана аларды илим­дин, техниканын жана ө. ж-дын ар түрдүү тар­мактарында колдонуу. «Н.» терминин биринчи жолу 1974-ж. япониялык проф. Норио Тани­гутчи материалдарды нанометрлик тактык менен иштетүү процессин мүнөздөө үчүн колдонгон. Н. объектилерине наноөлчөмдөгү бөлүкчөлөр, плён­калар, түтүкчөлөр, ошондой эле наноструктуралык жана нанокөндөйлүү материалдар, наноаспаптар кирет. Н. өзүнө наноөлчөмдөгү объектилер менен иштөөнү жана алардан жаңы физикалык, химиялык жана биол. касиеттерге ээ ири структураларды пайда кы­лууну камтыйт. Наноөлчөмдөгү системаларды алуу үчүн негизинен дисперциялоо жана конден­сациялоо жолдору колдонулат. Дисперциялоо ыкмасында ири өлчөмдөгү системалар нано­өлчөмгө чейин майдаланат, ал эми конденсация­лоо ыкмасында, тескерисинче, атом, молекула жана иондордо алардан өлчөмү чоң наносистема алынат. Мурдатан белгилүү болгон көпчүлүк заттар наноабалга өткөндө жаңы касиеттерге ээ болот, ошондуктан Н. окумуштуулар, инженер­лер жана технологдордун арасында чоң кызык­чылыктарды туудурууда. Н. коллоиддик химия жана наноөлчөмдөгү бөлүкчөлөрдүн өлчөмүн аныктаган электрондук микроскопия методунун пайда болушу жана өнүгүшү менен тыгыз байла­нышта. Н. келечекте ар түрдүү материалдарды жана аспаптарды жасоону түп тамырынан өзгөр­төт жана материалдарды өндүргөн көпчүлүк ө. ж. тармактарынын технологиясына радикалдуу өзгөртүүлөрдү киргизет. Н-нын негизги өнүгүү багыттарына жаңы материалдарды өндүрүү, на­ноэлектроника, медицина, нанокатализаторлор ж. б. кирет. Н. багытында көптөгөн өлкөлөрдө

улуттук программалар иштелип чыгып, арбын каражат бөлүнүүдө. Кыргызстанда иштелип жаткан Н-лык илимий багыттын бири академиялык Ү. Асанов тара­бынан сунуш кылынган. Ал учкун разряды ар­кылуу суюк диэлектриктерде ток өткөрүүчү ма­териалдарды дисперстөөгө негизделген. Бул жол бир нече моногр. эмгектерде жана 50дөн ашык патенттерде чагылдырылган.

Ад.: Пул Ч„ Оуэнс Ф. Нанотехнология. М., 2004; Асанов У. А. От химии искрового разряда к нанотех­нологии или новый подход к синтезу фуллереков на­ноалмаза//Жизнь науки. Б., 2011; Сатыбалдиев А„ Асанов У.А. Электроэрозионный синтез соединений переходных металлов. Б., 1995; Жаснакунов Ж. К„ Сулайманкулова С. К.,Асанов У. А. Способ получения углеродных нанотрубок и наноалмазов. Патент КР, № 1328.