НАНОТЕХНОЛОГИЯ
НАНОТЕХНОЛОГИЯ - өлчөмдөрү 1-100 нм (1 нлг=10-9 м) заттарды жана материалдарды алуу, алардын касиеттерин изилдөө жана аларды илимдин, техниканын жана ө. ж-дын ар түрдүү тармактарында колдонуу. «Н.» терминин биринчи жолу 1974-ж. япониялык проф. Норио Танигутчи материалдарды нанометрлик тактык менен иштетүү процессин мүнөздөө үчүн колдонгон. Н. объектилерине наноөлчөмдөгү бөлүкчөлөр, плёнкалар, түтүкчөлөр, ошондой эле наноструктуралык жана нанокөндөйлүү материалдар, наноаспаптар кирет. Н. өзүнө наноөлчөмдөгү объектилер менен иштөөнү жана алардан жаңы физикалык, химиялык жана биол. касиеттерге ээ ири структураларды пайда кылууну камтыйт. Наноөлчөмдөгү системаларды алуу үчүн негизинен дисперциялоо жана конденсациялоо жолдору колдонулат. Дисперциялоо ыкмасында ири өлчөмдөгү системалар наноөлчөмгө чейин майдаланат, ал эми конденсациялоо ыкмасында, тескерисинче, атом, молекула жана иондордо алардан өлчөмү чоң наносистема алынат. Мурдатан белгилүү болгон көпчүлүк заттар наноабалга өткөндө жаңы касиеттерге ээ болот, ошондуктан Н. окумуштуулар, инженерлер жана технологдордун арасында чоң кызыкчылыктарды туудурууда. Н. коллоиддик химия жана наноөлчөмдөгү бөлүкчөлөрдүн өлчөмүн аныктаган электрондук микроскопия методунун пайда болушу жана өнүгүшү менен тыгыз байланышта. Н. келечекте ар түрдүү материалдарды жана аспаптарды жасоону түп тамырынан өзгөртөт жана материалдарды өндүргөн көпчүлүк ө. ж. тармактарынын технологиясына радикалдуу өзгөртүүлөрдү киргизет. Н-нын негизги өнүгүү багыттарына жаңы материалдарды өндүрүү, наноэлектроника, медицина, нанокатализаторлор ж. б. кирет. Н. багытында көптөгөн өлкөлөрдө
улуттук программалар иштелип чыгып, арбын каражат бөлүнүүдө. Кыргызстанда иштелип жаткан Н-лык илимий багыттын бири академиялык Ү. Асанов тарабынан сунуш кылынган. Ал учкун разряды аркылуу суюк диэлектриктерде ток өткөрүүчү материалдарды дисперстөөгө негизделген. Бул жол бир нече моногр. эмгектерде жана 50дөн ашык патенттерде чагылдырылган.
Ад.: Пул Ч„ Оуэнс Ф. Нанотехнология. М., 2004; Асанов У. А. От химии искрового разряда к нанотехнологии или новый подход к синтезу фуллереков наноалмаза//Жизнь науки. Б., 2011; Сатыбалдиев А„ Асанов У.А. Электроэрозионный синтез соединений переходных металлов. Б., 1995; Жаснакунов Ж. К„ Сулайманкулова С. К.,Асанов У. А. Способ получения углеродных нанотрубок и наноалмазов. Патент КР, № 1328.