НАЙМАН (Араван р-ну): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАЙМАН — Ош обл-нун Араван р-нундагы кыштак. Төө-Моюн айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 635 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыш-нан 35 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 26 км. Кыштак 1870-ж. чейин негизделген. Калкы 2239 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мечит бар. Турмуштиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары, тегирмен иштейт. Аты кыргыздын найман уруусуна байланыштуу пайда болгон.