НАЙМАН (Араван р-ну)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАЙМАН — Ош обл-нун Араван р-нундагы кыш­так. Төө-Моюн айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 635 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыш-нан 35 км батыш тарап­та. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 26 км. Кыштак 1870-ж. чейин негизделген. Калкы 2239 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мечит бар. Турмуш­тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жай­лары, тегирмен иштейт. Аты кыргыздын най­ман уруусуна байланыштуу пайда болгон.