НАДЫР ТЕМИР КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАДЫР ТЕМИР КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Кадамжай ш-нан 90 км түштүк-чыгышта, Катраң-Тоо жана Эшме-Тоо аралыгындагы Сары-Талаа өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2000- 2300 м бийиктикте. 1931-ж. табылган. 1954-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеозойдун чөкмө тектери менен габбро, перидотит дайкалары түзөт. Темир кенташы карбондун скарндашкан акиташ тектеринде линза сымал кабатчалар түрүндө жатат. Алар негизинен дайкаларга жакын топтолгон. Кенташ тилкесинин уз. 12 кмте созулат. Мында кенташ линзалары 50-70 м аралыкта үзүндү-үзүндү болуп жатат. Алардын уз. 1310 .иге, калыңдыгы 17,1 мге жетет. Кенташта гематит менен магнетиттен башка аз санда пирит, халькопирит, борнит учурайт. Темир 41,19%, пайдалуу компоненттерден МпО - 3,20%, ТЮ2 - 0,30%, N10 - 0,5%, У,04 - 0,04% . Запасы Ц+С2 категориясы боюнча 1,019 миллион т.