НАДЫР ТЕМИР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАДЫР ТЕМИР КЕНИ Баткен обл-нун Кадам­жай р-нунда, Кадамжай ш-нан 90 км түштүк-чы­гышта, Катраң-Тоо жана Эшме-Тоо аралыгын­дагы Сары-Талаа өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2000- 2300 м бийиктикте. 1931-ж. табылган. 1954-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеозойдун чөкмө тектери менен габбро, перидо­тит дайкалары түзөт. Темир кенташы карбон­дун скарндашкан акиташ тектеринде линза сы­мал кабатчалар түрүндө жатат. Алар негизинен дайкаларга жакын топтолгон. Кенташ тилкеси­нин уз. 12 кмте созулат. Мында кенташ линза­лары 50-70 м аралыкта үзүндү-үзүндү болуп жа­тат. Алардын уз. 1310 .иге, калыңдыгы 17,1 мге жетет. Кенташта гематит менен магнетиттен баш­ка аз санда пирит, халькопирит, борнит учу­райт. Темир 41,19%, пайдалуу компоненттер­ден МпО - 3,20%, ТЮ2 - 0,30%, N10 - 0,5%, У,04 - 0,04% . Запасы Ц+С2 категориясы боюнча 1,019 миллион т.