НАДЫРПИКРИТ КООЗ ТАШ КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАДЫРПИКРЙТ КООЗ ТАШ КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда. Айдаркен ш-нан 26 км түштүк-чыгыш тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде. 1968-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагында байыркы эффузия жана палеозойдун метаморфизмделген тоо тектери кездешет. Кооз таш - пикрит тоо теги «надыр силли» деп аталган эффузия массивинин астынкы бөлүгүндө катмар түрүндө түндүктү карай 80° бурч менен жатат. Кен үч участкага бөлүнүп, катмардын уз. 800 лгге, калындыгы 150-200 м жетет. Өңү капкара, ири кристаллдуу, жүк көтөрүмдүүлүгү, суукка чыдамдуулугу жогору. Блокторго жакшы ажырайт. Пикрит өзгөрүлүп, серпентиндешкен. Натыйжада каралжын минералдары көгүш жашыл түстө кубулжуп турат. Кендеги таштан кооздоп каптоочу такталарды алса болот. Болжол запасы 3 миллион м2.