НАДЫРПИКРИТ КООЗ ТАШ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАДЫРПИКРЙТ КООЗ ТАШ КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда. Айдаркен ш-нан 26 км түштүк-чыгыш тарапта, Алай кырка тоосу­нун түндүк этегинде. 1968-ж. геол. чалгындоо жу­муштары жүргүзүлгөн. Кен аймагында байыр­кы эффузия жана палеозойдун метаморфизмдел­ген тоо тектери кездешет. Кооз таш - пикрит тоо теги «надыр силли» деп аталган эффузия массивинин астынкы бөлүгүндө катмар түрүндө түндүктү карай 80° бурч менен жатат. Кен үч участ­кага бөлүнүп, катмардын уз. 800 лгге, калынды­гы 150-200 м жетет. Өңү капкара, ири кристалл­дуу, жүк көтөрүмдүүлүгү, суукка чыдамдуулугу жогору. Блокторго жакшы ажырайт. Пикрит өзгөрүлүп, серпентиндешкен. Натыйжада ка­ралжын минералдары көгүш жашыл түстө ку­булжуп турат. Кендеги таштан кооздоп кап­тоочу такталарды алса болот. Болжол запасы 3 миллион м2.