НАГОЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска

НАГОЯ - Япониядагы шаар. Тынч океандагы Исе булуңунун жээгинде, Хонсю а-нын борбордук бөлүгүнүн түштүгүндө жайгашкан. Айти префек­турасынын администрациялык борбору. Шаардын символу - лилия гүлү. Өлкөнүн негизги портторунун бири (жылына порт аркылуу 110 миллион тжүк ташы­лат; сырткы сооданын г/гпнен ашыгы). Калкы 2,27 миллион (2012). Калкынын саны боюнча Осака, Токио, Йокогамадан кийинки 4-шаар. Метропо­литен иштейт. Шаар - Токио менен Осакадан ки­йинки ири экономикалык жана маданий борбор. Оор, не­гизинен транспорттук машина куруу, түстүү ме­таллургия, нефть-химиялык, текстиль (Япониянын текстиль ө. ж-нын 2/5си туура келет), жеңил, электр-техникалык, тамак-аш, полиграфиялык, фарфор-карапа ө. ж. ишканалары иштейт. Аскер-деңиз арсена­лы. Университет, музейлер (анын ичинде Токугава сүрөт, Нагоя сепилинин кенчи), сүрөт галереясы бар. Синтоист­тердин Ацута чиркөөсү (биздин замандын башталышына туу­ра келет), сепил (17-к.) жана Тофукудзи храмы (8-к.) сакталган. Ботаникалык бак уюштурулган.