НАГОЯ
НАГОЯ - Япониядагы шаар. Тынч океандагы Исе булуңунун жээгинде, Хонсю а-нын борбордук бөлүгүнүн түштүгүндө жайгашкан. Айти префектурасынын администрациялык борбору. Шаардын символу - лилия гүлү. Өлкөнүн негизги портторунун бири (жылына порт аркылуу 110 миллион тжүк ташылат; сырткы сооданын г/гпнен ашыгы). Калкы 2,27 миллион (2012). Калкынын саны боюнча Осака, Токио, Йокогамадан кийинки 4-шаар. Метрополитен иштейт. Шаар - Токио менен Осакадан кийинки ири экономикалык жана маданий борбор. Оор, негизинен транспорттук машина куруу, түстүү металлургия, нефть-химиялык, текстиль (Япониянын текстиль ө. ж-нын 2/5си туура келет), жеңил, электр-техникалык, тамак-аш, полиграфиялык, фарфор-карапа ө. ж. ишканалары иштейт. Аскер-деңиз арсеналы. Университет, музейлер (анын ичинде Токугава сүрөт, Нагоя сепилинин кенчи), сүрөт галереясы бар. Синтоисттердин Ацута чиркөөсү (биздин замандын башталышына туура келет), сепил (17-к.) жана Тофукудзи храмы (8-к.) сакталган. Ботаникалык бак уюштурулган.