НАВОИ Алишер: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
9 ноябрь 2026, саат 12:21 учурдагы соңку нуска
НАВОИ Алишер, Навои Низамиддин М и р А л и ш е р (9. 2. 1441, Герат ш. - 3. 1. 1501, ошол эле жер) - өзбек акыны, ойчул, мамлекеттик ишмер. 15 жашында эле фарсыча жана түркчө жазган акын катары таанылган. Герат, Мешхед, Самарканд ш-нан окуган. 1469-ж. Султан Хусейн Байкара Хорасанды башкарып турганда, Н. анын мөөр беги болуп иштеген. 1472-ж. вазирликке дайындалып, эмир наамын алган. Вазир кезинде искусство чеберлерине, акын-

дарга жардам берип, медресе, оорукана, көпүрө курууга башчылык кылган, орто кылым деспотизмине каршы туруп, карапайым элдин мүдөөсүн жактаган. 1488-жылдан биротоло чыглык ишке өткөн. Н-нин адабий мурасы өтө зор жана көп жанрдуу: ЗОдай ыр жыйнак, чоң-чоң дастандар, прозалык чыгармалар, илимий трактаттар калган. Аларда О. Азиянын 15-к-дагы руханий турмушу сүрөттөлгөн. 1498-99-ж. түркчө «Балалыктын шумдуктары», «Жаш чактын табылбастары», «Орто курактын укмуштары», «Карыя насааттары», фарсча «Дивани Фани» деген ырлар (газелдер) жыйнактарын чыгарган. Н-нин чыглыгынын туу чокусу - Низами Гянжеви менен Амир Хосров Дехлевинин «Беш китебине» жооп кылып жазган «Хамса» («Беш китеп») цикли. Цикл «Сопулардын дүрбөлөңү» (1483), «ЛайлиМажнун» (1484), «Фархат-Ширин» (1484), «Жети планета» (1484), «Искендер дубал» (1485)деген беш дастандан турат. «Сопулардын дурбөлөңү» - философиялык-публицистикалык мүнөздө жазылган дастан. «Лайли-Мажнунда» Кайс деген жаш жигиттин Лайли сулууга ашыктыгы жөнүндөгү эски араб уламышы кайра иштелген. «Фархад-Ширин» - Фархад баатырдын армян кыз Ширин сулууга ашыктыгын баяндаган дастан. Н-нин бул дастаны шах Хосровду эмес, адилет иш үчүн күрөшкөн Фархадды борбордук образ кылып көрсөткөнү менен мурдагы «Фархад-Шириндерден» айырмаланат. «Жети планета» жомок түрүндөгү жети новелладан куралган. «Искендер дубал» - «Беш китеп» циклин жыйынтыктоочу дастан. Н-нин адабият, асыресе ыр түзүү теориясы жөнүндө «Көлөм салмагы» деген трактаты бар. Өмүрүнүн акырындаН. «Канаттуулардын тили» (1499)дастанын, «Ашык болгон жүрөк» деген философиялык-дидактикалык (1500) чыгарма жараткан. «Эки тилдин талашы» (1499) трактатында Н. түрк тили орой деген ошол учурдагы түшүнүктү четке кагып, анын маданияттуу жана көркөм экенин теориялык жактан далилдеген. Н-нин поэзиясынын кереметтүү күчү Күн чыгыш тарыхын жана маданиятын изилдегендердин зор кызыгуусун туудуруп, илимий- изилдөөлөрдүн навои таануу деген атайын тармагын пайда кылган. Навои таанууга салым кошкондор: В. В. Бартолъд, Е. Э. Бертельс, Айбек; өзбек адабиятчылары - В. Захидов, Л. Шарафутдинов, И. Султанов, А. Хаитметов ж. б. Н-нин кол жазмалары дүйнөлүк чоң китепканалардын көбүндө сакталып турат. Чыгармалары көп тилдерге, ошондой эле кыргызчага да которулган.
Чыг.: Полн. собр. соч. Таш., 1986-2002. Т. 1-20 на узб. яз.