НАВОИ Алишер

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАВОИ Алишер, Навои Низамиддин М и р А л и ш е р (9. 2. 1441, Герат ш. - 3. 1. 1501, ошол эле жер) - өзбек акыны, ойчул, мамлекеттик ишмер. 15 жашында эле фарсыча жана түркчө жазган акын катары таанылган. Герат, Мешхед, Самарканд ш-нан окуган. 1469-ж. Сул­тан Хусейн Байкара Хорасанды башкарып турганда, Н. анын мөөр беги болуп иштеген. 1472-ж. вазирликке дайындалып, эмир наамын алган. Вазир кезинде искусство чеберлерине, акын-

дарга жардам берип, медре­се, оорукана, көпүрө куруу­га башчылык кылган, орто кылым деспотизмине кар­шы туруп, карапайым эл­дин мүдөөсүн жактаган. 1488-жылдан биротоло чыг­лык ишке өткөн. Н-нин ада­бий мурасы өтө зор жана көп жанрдуу: ЗОдай ыр жыйнак, чоң-чоң дастандар, проза­лык чыгармалар, илимий трактаттар калган. Алар­да О. Азиянын 15-к-дагы руханий турмушу сүрөттөлгөн. 1498-99-ж. түркчө «Балалыктын шумдуктары», «Жаш чактын табылбастары», «Орто курактын укмуштары», «Карыя насаат­тары», фарсча «Дивани Фани» деген ырлар (га­зелдер) жыйнактарын чыгарган. Н-нин чыг­лыгынын туу чокусу - Низами Гянжеви менен Амир Хосров Дехлевинин «Беш китебине» жооп кылып жазган «Хамса» («Беш китеп») цикли. Цикл «Сопулардын дүрбөлөңү» (1483), «Лайли­Мажнун» (1484), «Фархат-Ширин» (1484), «Жети планета» (1484), «Искендер дубал» (1485)деген беш дастандан турат. «Сопулардын дурбөлөңү» - философиялык-публицистикалык мүнөздө жазылган дастан. «Лай­ли-Мажнунда» Кайс деген жаш жигиттин Лай­ли сулууга ашыктыгы жөнүндөгү эски араб уламы­шы кайра иштелген. «Фархад-Ширин» - Фар­хад баатырдын армян кыз Ширин сулууга ашык­тыгын баяндаган дастан. Н-нин бул дастаны шах Хосровду эмес, адилет иш үчүн күрөшкөн Фар­хадды борбордук образ кылып көрсөткөнү менен мур­дагы «Фархад-Шириндерден» айырмаланат. «Жети планета» жомок түрүндөгү жети новел­ладан куралган. «Искендер дубал» - «Беш ки­теп» циклин жыйынтыктоочу дастан. Н-нин адабият, асыресе ыр түзүү теориясы жөнүндө «Көлөм салмагы» деген трактаты бар. Өмүрүнүн акы­рындаН. «Канаттуулардын тили» (1499)даста­нын, «Ашык болгон жүрөк» деген философиялык-дидак­тикалык (1500) чыгарма жараткан. «Эки тил­дин талашы» (1499) трактатында Н. түрк тили орой деген ошол учурдагы түшүнүктү четке ка­гып, анын маданияттуу жана көркөм экенин теориялык жактан далилдеген. Н-нин поэзиясынын кере­меттүү күчү Күн чыгыш тарыхын жана маданиятын изилдегендердин зор кызыгуусун туудуруп, илимий- изилдөөлөрдүн навои таануу деген атайын тармагын пайда кылган. Навои таанууга салым кошкондор: В. В. Бартолъд, Е. Э. Бер­тельс, Айбек; өзбек адабиятчылары - В. Захидов, Л. Шарафутдинов, И. Султанов, А. Хаитметов ж. б. Н-нин кол жазмалары дүйнөлүк чоң ки­тепканалардын көбүндө сакталып турат. Чы­гармалары көп тилдерге, ошондой эле кыргызчага да которулган.

Чыг.: Полн. собр. соч. Таш., 1986-2002. Т. 1-20 на узб. яз.