МУНАРА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong data-text-type="type_1_article_title">МУНАРА </strong>(<abbr data-short="ар." data-full="арабча" data-extended="true">арабча</abbr> манара - маяк, жарык) - архитектуралык курулуш. Шаар куруу ансамблдеринде мунара доминанттык роль ойнойт, багыт берүүчү, айрыкча көнүл буруучу бийиктик катары кызмат кылат (маяк, өрт кырсыгын байкоочу, суу сактоочу). Мунара. формасы адамзат тарыхынын эң байыркы мезгилдеринен келип чыккан терең маданий-символикалык мааниге ээ, <abbr data-short="мис." data-full="мисалы" data-extended="true">мисалы</abbr>, Вавилон мунарасы. <em>Готика</em> <abbr data-short="арх-ра" data-full="архитектура" data-extended="true">архитектура</abbr>сында маанилүү шаар куруучу ролду соборлор <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> шаардык сааты бар мунаралар ойногон. <em>Кайра жаралуу</em> доорунан баштап, мунаралар шаар башкармасынын имаратынын үстүнө да салына баштаган. XVI-XVII кылымдарда артиллериянын өнүгүшү <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> мунаралар коргонуу максаттарында курулуп, бастиондор <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> алмашылган. <p></p><div class="imageCaption">[[File:МУНАРА_1.jpg|thumb|Брюгге шаарындагы Белфорд мунарасы, 1280 (1741-жылы реконструкцияланган). Бельгия.]]</div>Буларга кароол дарбаза, чеп дубалдарынын үстүндө чыгып турган мунаралар кирет (Москва Кремлинин мунаралары). Мунара композициясын коңгуроо үчүн аянтчалары бар бийик курулуштарда - көп ярустуу кампанияларда (алар италия базиликаларында бар), орус чиркөө <abbr data-short="арх-ра" data-full="архитектура" data-extended="true">архитектура</abbr>сынын коңгуроо мунараларында курушкан. Мунара мусулман салттарына мүнөздүү азан чакыруу үчүн кызмат кылган жай катары мечит имаратынан бийик курулган. Алгач мунаралардын жогору чыга турган тепкичтери сырт жагында жасалган. Египет, Ирак, Иран, <abbr data-short="Борб." data-full="Борбордук" data-extended="true">Борбордук</abbr> <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> Орто Азиянын мунаралары улам бийиктеген сайын кууш тарткан жумуру же кырдуу формада курулган. Ичи-тышы оймо-чиймеленген, капталдарынан балкондор (бастырмачалар) чыгарылган. Мачтадан айырмаланып мунаранын кергичтери жок, анын туруктуулугун негизги констр-лары камсыз кылат. Азыркы заманбап <abbr data-short="арх-ра" data-full="архитектура" data-extended="true">архитектура</abbr>да бул форма ири монумент түзүүдө пайдаланылат (Париждеги <em>Эйфелъ</em> мунарасы; Москвадагы <em>Останкино</em> телемунарасы, Шаболовка радиомунарасы), к. <em>Бурана, Өзгөн архитектуралык комплекси.</em> | |||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] | [[Category:5-том,_401-500_бб]] | ||
26 ноябрь 2026, саат 10:32 учурдагы соңку нуска
МУНАРА (арабча манара - маяк, жарык) - архитектуралык курулуш. Шаар куруу ансамблдеринде мунара доминанттык роль ойнойт, багыт берүүчү, айрыкча көнүл буруучу бийиктик катары кызмат кылат (маяк, өрт кырсыгын байкоочу, суу сактоочу). Мунара. формасы адамзат тарыхынын эң байыркы мезгилдеринен келип чыккан терең маданий-символикалык мааниге ээ, мисалы, Вавилон мунарасы. Готика архитектурасында маанилүү шаар куруучу ролду соборлор менен шаардык сааты бар мунаралар ойногон. Кайра жаралуу доорунан баштап, мунаралар шаар башкармасынын имаратынын үстүнө да салына баштаган. XVI-XVII кылымдарда артиллериянын өнүгүшү менен мунаралар коргонуу максаттарында курулуп, бастиондор менен алмашылган.
Буларга кароол дарбаза, чеп дубалдарынын үстүндө чыгып турган мунаралар кирет (Москва Кремлинин мунаралары). Мунара композициясын коңгуроо үчүн аянтчалары бар бийик курулуштарда - көп ярустуу кампанияларда (алар италия базиликаларында бар), орус чиркөө архитектурасынын коңгуроо мунараларында курушкан. Мунара мусулман салттарына мүнөздүү азан чакыруу үчүн кызмат кылган жай катары мечит имаратынан бийик курулган. Алгач мунаралардын жогору чыга турган тепкичтери сырт жагында жасалган. Египет, Ирак, Иран, Борбордук жана Орто Азиянын мунаралары улам бийиктеген сайын кууш тарткан жумуру же кырдуу формада курулган. Ичи-тышы оймо-чиймеленген, капталдарынан балкондор (бастырмачалар) чыгарылган. Мачтадан айырмаланып мунаранын кергичтери жок, анын туруктуулугун негизги констр-лары камсыз кылат. Азыркы заманбап архитектурада бул форма ири монумент түзүүдө пайдаланылат (Париждеги Эйфелъ мунарасы; Москвадагы Останкино телемунарасы, Шаболовка радиомунарасы), к. Бурана, Өзгөн архитектуралык комплекси.
