МУЛЬТИМЕДИА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong data-text-type="type_1_article_title">МУЛЬТИМЕДИА </strong>(Multimedia) - экранда маалыматты (текстти <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> графиканы) үн <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> кыймыл <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> бириктирүүнү камсыз кылуучу атайын программалык жабдык. Колдонуучудан <em>баскыч-топ</em> же <em>чычкан</em> аркылуу киргизилген белгини (сигналды) кабыл алып, ага жооп берүүчү мультимедиа колдонмолору интерактивдүү мультимедиа болуп эсептелет. Интерактивдүүлүгү жогору мультимедиа колдонмолору, кандайдыр бир маселени аяктоо үчүн материалдарга жараша ылдамдыкты камсыз кылат <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> ал иш кантип аткарылганын кабарлайт. Текст көпчүлүк мультимедиа колдонмолорунун негизги түзүүчүсү болуп эсептелет. Мультимедиа колдонмолору негизги маалыматты көрсөтүү үчүн кадимки текстти эле колдонбостон, маалыматты белгилөө <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> түшүндүрүү максатында бир катар тексттик белгилерди пайдаланат. <abbr data-short="Мис." data-full="Мисалы" data-extended="true">Мисалы</abbr>, айрым сөздөр же фразалардын астын сызуу, ариптердин өлчөмүн же тибин өзгөртүү, экрандагы тексттердин түрдүү блокторунда түрдүү түстөрдү пайдалануу. Мультимедиада тексттин түсүн натыйжалуу пайдалануу <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> көрсөтүү уюштурулат. Мультимедиа колдонуштары тексттик менюга негизделген баскычтар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> кандайдыр бир предметтеги маалыматтарды тез көрсөтүүдө дагы пайдаланылат. Мультимедианы кошуу мүмкүнчүлүгү тармактын жетишкендиктеринин бири болуп эсептелет. Ал текстти, графиканы, видеону, анимацияны <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> аудиону интеграциялаштырат. Бул жетишкендиктер тармакта иштөөчү маалымат түрлөрүн көбөйттү, тармакты колдонуу потенциалын кеңейтти <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> <em>интернетке</em> кызыгууларды күчөттү. | |||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] | [[Category:5-том,_401-500_бб]] | ||
26 ноябрь 2026, саат 10:25 учурдагы соңку нуска
МУЛЬТИМЕДИА (Multimedia) - экранда маалыматты (текстти жана графиканы) үн жана кыймыл менен бириктирүүнү камсыз кылуучу атайын программалык жабдык. Колдонуучудан баскыч-топ же чычкан аркылуу киргизилген белгини (сигналды) кабыл алып, ага жооп берүүчү мультимедиа колдонмолору интерактивдүү мультимедиа болуп эсептелет. Интерактивдүүлүгү жогору мультимедиа колдонмолору, кандайдыр бир маселени аяктоо үчүн материалдарга жараша ылдамдыкты камсыз кылат жана ал иш кантип аткарылганын кабарлайт. Текст көпчүлүк мультимедиа колдонмолорунун негизги түзүүчүсү болуп эсептелет. Мультимедиа колдонмолору негизги маалыматты көрсөтүү үчүн кадимки текстти эле колдонбостон, маалыматты белгилөө жана түшүндүрүү максатында бир катар тексттик белгилерди пайдаланат. Мисалы, айрым сөздөр же фразалардын астын сызуу, ариптердин өлчөмүн же тибин өзгөртүү, экрандагы тексттердин түрдүү блокторунда түрдүү түстөрдү пайдалануу. Мультимедиада тексттин түсүн натыйжалуу пайдалануу менен көрсөтүү уюштурулат. Мультимедиа колдонуштары тексттик менюга негизделген баскычтар менен кандайдыр бир предметтеги маалыматтарды тез көрсөтүүдө дагы пайдаланылат. Мультимедианы кошуу мүмкүнчүлүгү тармактын жетишкендиктеринин бири болуп эсептелет. Ал текстти, графиканы, видеону, анимацияны жана аудиону интеграциялаштырат. Бул жетишкендиктер тармакта иштөөчү маалымат түрлөрүн көбөйттү, тармакты колдонуу потенциалын кеңейтти жана интернетке кызыгууларды күчөттү.