МУЛЬТИМЕДИА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУЛЬТИМЕДИА (Multimedia) - экранда маа­лыматты (текстти жана графиканы) үн жана кый­мыл менен бириктирүүнү камсыз кылуучу атайын программалык жабдык. Колдонуучудан баскыч-­топ же чычкан аркылуу киргизилген белгини (сигналды) кабыл алып, ага жооп берүүчү мультимедиа колдонмолору интерактивдүү мультимедиа болуп эсепте­лет. Интерактивдүүлүгү жогору мультимедиа колдонмоло­ру, кандайдыр бир маселени аяктоо үчүн мате­риалдарга жараша ылдамдыкты камсыз кылат жана ал иш кантип аткарылганын кабарлайт. Текст көпчүлүк мультимедиа колдонмолорунун негизги түзүүчүсү болуп эсептелет. Мультимедиа колдонмолору не­гизги маалыматты көрсөтүү үчүн кадимки тек­стти эле колдонбостон, маалыматты белгилөө жана түшүндүрүү максатында бир катар тексттик белгилерди пайдаланат. Мисалы, айрым сөздөр же фразалардын астын сызуу, ариптердин өлчөмүн же тибин өзгөртүү, экрандагы тексттердин түрдүү блокторунда түрдүү түстөрдү пайдалануу. Мультимедиада тексттин түсүн натыйжалуу пайдалануу менен көрсөтүү уюштурулат. Мультимедиа колдонуштары текст­тик менюга негизделген баскычтар менен кандай­дыр бир предметтеги маалыматтарды тез көр­сөтүүдө дагы пайдаланылат. Мультимедианы кошуу мүм­күнчүлүгү тармактын жетишкендиктеринин бири болуп эсептелет. Ал текстти, графиканы, ви­деону, анимацияны жана аудиону интеграция­лаштырат. Бул жетишкендиктер тармакта иштөөчү маалымат түрлөрүн көбөйттү, тармак­ты колдонуу потенциалын кеңейтти жана интер­нетке кызыгууларды күчөттү.