МУЗЫКАЛЫК СЫН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong data-text-type="type_1_article_title">МУЗЫКАЛЫК СЫН - </strong>белгилүү бир эстетикалык көз караштын, түшүнүктүн негизинде <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> <abbr data-short="чыг-лык" data-full="чыгармачылык" data-extended="true">чыгармачылык</abbr>тын көрүнүштөрүнө, багыттарына баа берүү, сындоо; жаңы <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> чыгармаларды талдоо, изилдөө <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> баалоо; <em>музыка таануунун</em> бир тармагы. Музыка тарыхы, теориясы, этнографиясы изилденет. Музыкалык сын - <abbr data-short="муз." data-full="музыкалык" data-extended="true">музыкалык</abbr> изилдөөлөрдүн бардыгына мүнөздүү. Музыкалык сын рецензия, нотография, кабар, баяндама, очерк, сын макала, эссе жана башка түрлөргө бөлүнөт. Музыкалык сын аткаруучулар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> угуучулар ортосунда «байланышчылык» милдет аткарып, жаңы чыгармаларды жайылтууда, угуучулардын эстетикалык табитин калыптандырууда тарбиялоодо, муктаждыгын канааттандырууда негизги ролду ойнойт. | |||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] | [[Category:5-том,_401-500_бб]] | ||
26 ноябрь 2026, саат 10:05 учурдагы соңку нуска
МУЗЫКАЛЫК СЫН - белгилүү бир эстетикалык көз караштын, түшүнүктүн негизинде музыкалык чыгармачылыктын көрүнүштөрүнө, багыттарына баа берүү, сындоо; жаңы музыкалык чыгармаларды талдоо, изилдөө жана баалоо; музыка таануунун бир тармагы. Музыка тарыхы, теориясы, этнографиясы изилденет. Музыкалык сын - музыкалык изилдөөлөрдүн бардыгына мүнөздүү. Музыкалык сын рецензия, нотография, кабар, баяндама, очерк, сын макала, эссе жана башка түрлөргө бөлүнөт. Музыкалык сын аткаруучулар менен угуучулар ортосунда «байланышчылык» милдет аткарып, жаңы чыгармаларды жайылтууда, угуучулардын эстетикалык табитин калыптандырууда тарбиялоодо, муктаждыгын канааттандырууда негизги ролду ойнойт.