МУЗЕЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
<strong data-text-type="type_1_article_title">МУЗЕЙ </strong>(<abbr data-short="гр." data-full="грекче" data-extended="true">грекче</abbr> mouseion - музалар храмы) - табигый, тарыхый, материалдык <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> рухий <abbr data-short="мад-т" data-full="маданият" data-extended="true">маданият</abbr> эстеликтерди топтоо, сактоо, изилдөө <abbr data-short="ж-а" data-full="жана" data-extended="true">жана</abbr> алар <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> көпчүлүктү тааныштыруу иштерин | |||
жүргүзүүчү <abbr data-short="ил." data-full="илимий" data-extended="true">илимий</abbr> мекеме. Музей экспонаттары илим <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> өндүрүштүн ар түрдүү тармактарын камтыйт. Ошондой эле түп нускаларды басмага даярдап, монография, каталогдор чыгарат. Музей XV-XVI кылымдарда пайда болгон. XX кылымдын 70-жылдарынын башында дүйнөдө 12 миңден ашуун музей болгон. Советтик Социалисттик Республикалар Союзунда | |||
([[СССР]]) 1980-жылы 1526 музей иштеген. 1977-жылы музейлердин эл аралык кеңешинин 11-<abbr data-short="конф-я" data-full="конференция" data-extended="true">конференция</abbr>сы 1978-жылдан 18-май - эл аралык музей күнү деп белгиле<abbr data-short="ген." data-full="генетикалык" data-extended="true">ген/</abbr> <abbr data-short="Кырг-н" data-full="Кыргызстан" data-extended="true">Кыргызстан</abbr>да 10 негизги музей иштейт: Эл Достугу ордендүү М. В. Фрунзенин мемориал музейи (1925, декабрь); Зоологиялык музей (1926, июнь); Кыргыз <abbr data-short="мамл." data-full="мамлекеттик" data-extended="true">мамлекеттик</abbr> тарых музейи (1927, март); Г. Айтиев <abbr data-short="атн." data-full="атындагы" data-extended="true">атындагы</abbr> Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт <abbr data-short="иск-во" data-full="искусство" data-extended="true">искусство</abbr> музейи (1935, 1944-жылга чейин сүрөт галереясы); Ош облустук крайлык музей (1949, май); Пржевальск крайлык музейи (1950); Н. М. Пржевальскийдин мемориал музейи (1957); Токмок крайлык-тарыхый музейи (1970, апрель); «Бурана» археологиялык <abbr data-short="арх-ра" data-full="архитектура" data-extended="true">архитектура</abbr>лык музей комплекси (1976, декабрь); <em>«Манас-Ордо»</em> комплексиндеги «Манас» эпосунун музейи (1976, «Манас» адабий этнографиялык музейи; 1988-жылдан «Манас» <abbr data-short="мамл." data-full="мамлекеттик" data-extended="true">мамлекеттик</abbr>-музей коругу). <abbr data-short="Кырг-н" data-full="Кыргызстан" data-extended="true">Кыргызстан</abbr>дын айрым шаарлары <abbr data-short="м-н" data-full="менен" data-extended="true">менен</abbr> кыштактарында коомдук башталыштагы, мектептеринде мектеп музейлери бар. | |||
[[Category:5-том,_401-500_бб]] | [[Category:5-том,_401-500_бб]] | ||
26 ноябрь 2026, саат 07:45 учурдагы соңку нуска
МУЗЕЙ (грекче mouseion - музалар храмы) - табигый, тарыхый, материалдык жана рухий маданият эстеликтерди топтоо, сактоо, изилдөө жана алар менен көпчүлүктү тааныштыруу иштерин
жүргүзүүчү илимий мекеме. Музей экспонаттары илим менен өндүрүштүн ар түрдүү тармактарын камтыйт. Ошондой эле түп нускаларды басмага даярдап, монография, каталогдор чыгарат. Музей XV-XVI кылымдарда пайда болгон. XX кылымдын 70-жылдарынын башында дүйнөдө 12 миңден ашуун музей болгон. Советтик Социалисттик Республикалар Союзунда
(СССР) 1980-жылы 1526 музей иштеген. 1977-жылы музейлердин эл аралык кеңешинин 11-конференциясы 1978-жылдан 18-май - эл аралык музей күнү деп белгилеген/ Кыргызстанда 10 негизги музей иштейт: Эл Достугу ордендүү М. В. Фрунзенин мемориал музейи (1925, декабрь); Зоологиялык музей (1926, июнь); Кыргыз мамлекеттик тарых музейи (1927, март); Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт искусство музейи (1935, 1944-жылга чейин сүрөт галереясы); Ош облустук крайлык музей (1949, май); Пржевальск крайлык музейи (1950); Н. М. Пржевальскийдин мемориал музейи (1957); Токмок крайлык-тарыхый музейи (1970, апрель); «Бурана» археологиялык архитектуралык музей комплекси (1976, декабрь); «Манас-Ордо» комплексиндеги «Манас» эпосунун музейи (1976, «Манас» адабий этнографиялык музейи; 1988-жылдан «Манас» мамлекеттик-музей коругу). Кыргызстандын айрым шаарлары менен кыштактарында коомдук башталыштагы, мектептеринде мектеп музейлери бар.