МУЗЕЙ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУЗЁЙ (грекче mouseion - музалар храмы) - табигый, тарыхый, материалдык жана рухий маданият эстеликтерди топтоо, сактоо, изилдөө жана алар менен көпчүлүктү тааныштыруу иштерин жүргүзүүчү илимий мекеме. М. экспонаттары илим менен өндүрүштүн ар түрдүү тармактарын камтыйт.
эле түп нускаларды басмага даярдап, монография, каталогдор чыгарат. М. 15-16-к-да пайда болгон. 20-к-дын 70-жылдарынын башында дүйнөдө 12 миңден ашуун М. болгон. СССРде 1980-ж. 1526 М. иштеген. 1977-ж. музейлердин эл аралык кеңешинин 11-конференциясы 1978-жылдан 18-май - эл аралык музей күнү деп белгилегенетикалык Кыргызстанда 10 негизги М. иштейт: Эл Достугу ордендүү М. В. Фрунзенин мемориал М-и (1925, дек.); Зоол. М. (1926, июнь); Кыргыз мамлекеттик тарых М-и (1927, март); Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт искусство М-и (1935, 1944-жылга чейин сүрөт галереясы); Ош обл. крайлык М. (1949, май); Пржевальск крайлык М-и (1950); Н. М. Пржевальскийдин мемориал М-и (1957); Токмок крайлык-тарыхый М-и (1970, апр.); «Бурана» археол. архитектуралык М. комплекси (1976, декабрь); «Манас-Ордо» комплексиндеги «Манас» эпосунун М-и (1976, «Манас» адабийэтногр. М-и; 1988-жылдан «Манас» мамлекеттик-музей коругу). Кыргызстандын айрым шаарлары менен кыштактарында коомдук башталыштагы, мектептеринде мектеп М-лери бар.