МУСОРГСКИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУСОРГСКИЙ Модест Петрович [9(21). 3. 1839, Псков губ., Карев кыш., азыркы Псков обл., Куньинский р-ну - 16 (28). 3. 1881, Санкт-Петербург] - орус композитору. «Кубаттуу топ-

тун» мүчөсү. 6 жашында фортепианодо ойноого үйрөнгөн. 1849-ж. Петербургдагы Петропавловский, 1852-56-ж. Гвардия подпрапорщиктер мектебинде окуган. Фортепиано үчүн жазган алгачкы-«Подпрапорщик» полькасы 1852-ж. жарык көргөн. М. 1856-57-ж. А. Даргомыжский, В. Стасов, М. Балакирев менен таааскердик кызматтан бошоп,
нышкан. 1858-ж.
М. Балакиревдин жетекчилиги менен композицияны өздөштүргөн. 1863-66-ж. «Саламбо»
операсынын (Г. Флобердин романы боюнча, бүтпөгөн) үстүндө иштеген. 60-жылдары реалист композитор катары калыптанып, Н. А. Некрасов, Т. Г. Шевченко, А. Н. Островскийдин сөзүнө ыр жана романстар жараткан. Ал дүйнөлүк музыка өнөрүнүн тарыхындагы эң көрүнүктүү чыгарма «Ворис Годунов» операсынын (А. С. Пушкиндин трагедиясына жазган, 1869; 1874-ж. Мария театрында коюлган) жана бир катар вокалдык циклдер, фортепиано үчүн сюита ж. б.чыгармалардын автору. Бүтпөгөн «Хованщина» операсын Н. Римский-Корсаков, «Сорочинскидеги жармаңке операсын» А. Лядов, Ц. Кюи ж. б. бүтүргөн. «Борис Годунов» операсын РимскийКорсаков (1896), композитор Д. Шостакович (1959) кайра редакциялаган. «Борис Годунов» операсы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган (1960).
Ад.: Хубов Г. Мусоргский. М., 1969; Фрид Э. Л. М. П. Мусоргский. Проблема творчества. Л., 1981; Головинский Г. Л„ Сабинина М.Д. М. П. Мусоргский. М., 1998.