МУЛЬТИМЕДИА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска

МУЛЬТИМЕДИА (МиИатесИа) - экранда маа­лыматты (текстти жана графиканы) үн жана кый­мыл менен бириктирүүнү камсыз кылуучу атайын программалык жабдык. Колдонуучудан баскыч­топ же чычкан аркылуу киргизилген белгини (сигналды) кабыл алып, ага жооп берүүчү М. колдонмолору интерактивдүү М. болуп эсепте­лет. Интерактивдүүлүгү жогору М. колдонмоло­ру, кандайдыр бир маселени аяктоо үчүн мате­риалдарга жараша ылдамдыкты камсыз кылат жана ал иш кантип аткарылганын кабарлайт. Текст көпчүлүк М. колдонмолорунун негизги түзүүчүсү болуп эсептелет. М. колдонмолору не­гизги маалыматты көрсөтүү үчүн кадимки тек­стти эле колдонбостон, маалыматты белгилөө жана түшүндүрүү максатында бир катар тексттик белгилерди пайдаланат. Мисалы, айрым сөздөр же фразалардын астын сызуу, ариптердин өлчөмүн же тибин өзгөртүү, экрандагы тексттердин түрдүү блокторунда түрдүү түстөрдү пайдалануу. М-да тексттин түсүн натыйжалуу пайдалануу менен көрсөтүү уюштурулат. М. колдонуштары текст­тик менюга негизделген баскычтар менен кандай­дыр бир предметтеги маалыматтарды тез көр­сөтүүдө дагы пайдаланылат. М-ны кошуу мүм­күнчүлүгү тармактын жетишкендиктеринин бири болуп эсептелет. Ал текстти, графиканы, ви­деону, анимацияны жана аудиону интеграция­лаштырат. Бул жетишкендиктер тармакта иштөөчү маалымат түрлөрүн көбөйттү, тармак­ты колдонуу потенциалын кеңейтти жана интер­нетке кызыгууларды күчөттү.