МУХИНА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
4 ноябрь 2026, саат 03:35 учурдагы соңку нуска
МУХИНА Вера Игнатьевна [19. 6(1.7). Рига - 6. 10. 1953, Москва] - скульптор, СССР эл сүрөтчүсү

(1943), СССР Сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1947). Чыг-лыгынын алгачкы жылдарында кубизм агымынын таасиринде болуп, татаал динамикалык чечилиште көрсөтүлгөн «Шамал» (1926-27), «Дыйкан аял» (1927) сыяктуу скульптураларды түзгөн (экөө тең Третьяков гал.). Каармандардын ички дүйнөсүнүн ажарын ачкан скульптуралык портреттер галереясын жараткан («С. А. Замковдун», мрамор, 1935; Академик А. Н. Крыловдун, жыгач, 1945, СССР мамлекеттик сыйл., 1946 ж. б.). М-нын «Жумушчу жана колхозчу аял» (1935-37, СССР мамлекеттик сыйл., 1941) композициясы - социалисттик реализм искусствосундагы этаптык чыгармалардан. М-нын адамдардын каармандыгын чагылдырган мыкты чыгармалары: Башкача Айтканда Юсуповдун, «И. Л. Хижняктын
портреттери, (экөө тең гипс, 1942, Третьяков гал., СССР мамлекеттик сыйл., 1943), Москвадагы Горькийдин эстелиги (Н. Г. Зеленская, 3. Г. Иванова менен бирге, арх. 3. М. Розенфельд; коло, гранит, 1951; СССР мамлекеттик сыйл., 1952), «Тынчтыкты талап кылабыз!» композициясы (Н. Г. Зеленская, 3. Г. Иванова, С. В. Казаков, А. М. Сергеев менен бирге; гипс, 1950, Орус музейи, Ленинград; СССР мамлекеттик сыйл., 1951) ж. б. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Ад.: Суздалев П. К. В. И. Мухина. М., 1981.